• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда мамлекеттик мекемелер толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдөгү санариптештирүү тармагында жүргүзулүп жаткан иштерге токтолду.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ири багыты – мамлекеттик башкарууда санариптештирүү экендигин айтты.

“Толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өттүк, бардык чечимдер санарип форматка өткөрүлөт. Маселен бир депутаттын кайрылуусун системада кимдин колунда экенин көрүүгө болот. Мамлекеттик кызматтар санариптик форматта реалдуу ишке кирди. Түндүктүн мобилдик тиркемелери, справкалар, санариптик документтер, банктардын тиркемелери, каттоо, электрондук нотариат кеңири кирди. Ал гана ңмес электрондук документтерди телефондон көрүүгө болот”, - деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы санариптештирүү аркылуу жарандардын пропискасы боюнча гана эмес, ким канча бензинди керектегенин дагы билүүгө болоорун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий