• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КМШда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору (ТКБ) тарабынан КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин колдоосу менен КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук органдарынын, атайын кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча XIII аймактык эксперттик кеңеш болуп өттү.

УКМКдан билдиришкендей, ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук органдарынын, атайын кызматтарынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана КМШнын ТКБнын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия регионунун КМШга мүчө мамлекеттеринде коопсуздукка болгон жана потенциалдуу коркунучтарды эске алуу менен кырдаалдын өнүгүү тенденциялары талкууланды. Жолугушуунун катышуучулары Ооганстандагы террордук активдүүлүктүн жогорку деңгээлин жана Сирияда, Иракта жана Жакынкы Чыгыштын бир катар башка мамлекеттеринде аракеттенген террористтердин согуштук потенциалы КМШда террористтик коркунучтардын пайда болушуна жана өнүгүшүнө таасир этүүчү фактор болуп жатканын белгилешти.

Эл аралык террористтик уюмдардын радикалдык идеологияны жайылтуусуна каршы туруу боюнча жана террористтик ишмердиктин каражаттарын ташуу каналдарына бөгөт коюу боюнча улуттук тажрыйба алмашуу болуп өттү.

Отурумдун катышуучуларына КМШ ТКБ жана ШКУ РТКТнын кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жана бирдиктүү терроризмге каршы потенциалын калыптандыруунун "Евразия-Антитеррор – 2023" биргелешкен терроризмге каршы машыгуусунун жана КМШнын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биринчи конференциясынын алкагында үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында өткөрүлгөн ири эл аралык иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Эксперттик кеңештин катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда уюштуруу-укуктук, оперативдүү-координациялык, маалымат-аналитикалык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча ишти улантуунун маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгилешти, анын ичинде:

КМШда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча актуалдуу маалымат, илимий-методикалык материалдар менен алмашуу;

мыйзамсыз миграциянын, курал-жаракты, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ташуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча макулдашылган иш-чараларды жүргүзүү;

маалымат мейкиндигинде ЭТУнун ишмердүүлүгүнө, анын ичинде террористтик жана экстремисттик идеологияны жайылтууга, жаңы адамдарды тартууга жана террористтик уюмдарга акча чогултууга каршы аракеттенүү;

террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жазасынан жашырынып жүргөн адамдарды мамлекеттер аралык издөө багытында иш-чараларды жүргүзүү учурунда өз ара аракеттенүү жакшыртуу;

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Корутунду документ кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий