• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Кыргызпатент жыл сайын 17-январь – ойлоп табуучу балдардын Эл аралык күнүн белгилеп келет.

Кыргызпатенттен билдиришкендей, бул жылы майрам өзгөчө форматта өтөт. Каалоочулар иш-чарага онлайн жана оффлайн түрүндө катыша алат.

Программада: Инженердик мектептин ачылышы, “STEAM – билим берүү”, FABLab – гравировка жана лазердик кесүүчү станокту колдонуу боюнча мастер-класстар, графикалык дизайн боюнча киришүү сабагы, 3D принтерде басып чыгаруу үчүн 3D моделин түзүү, ошондой эле балдардын техникалык чыгармачылык көргөзмөсү уюштурулат.

Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустарынын, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп жана мектептен тышкаркы мекемелердин жетекчилери, окуучулар, жалпысынан 3 миңден ашык адам катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара 17-январь, саат 11:00дө Кыргызпатенттин Инновациялык борборунун базасында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий