• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Бишкектин Кропоткин көчөсү оңдоо иштерине жабылат

Коом 0

Бишкек, 29.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-майдан тарта Бишкектин Кропоткин көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине тоскоолдук жараткан тосмолор жана чарбалык курулуштар бузулат.

Беларусь көчөсү унаалар өтүүчү альтернативалык жол болот.

Ишти ушул жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт, жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландаштырууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий