• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош облусуна ири инвестиция тартуу аракети көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кытайдын Кызылсуу-Кыргыз автономиялык облусунун губернатору Орозалы Кашкарбай баштаган делегация менен жолугушту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда Ош облусунун аймагына инвестиция тартуу менен миңдеген жумушчу орундарын түзүү, бир нече ири заводдорду куруу жана эки облустун ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы келечекте Ош облусунун экономикасы учун зор мааниге ээ жана жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган ири долбоор болуп калат.

Жолугушуунун соңунда эки облус ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол кою сунушу киргизилип, Ош облусунда жолугуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий