• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

25-июлда Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетишет

Коом 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 25-июлунда Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетишет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, ар бир учуучу топто 300 ажы сапар алышып, ар бир 300 ажыны 6 ажы башчы коштоп бармакчы.

"Ар бир ажыга аттануучу жаран учуу графигинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн 5 саат алдын аэропортко барып, каттоого даярдануусу зарыл. Ал эми зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта Ош-Жидда багыты боюнча Мекке шаарына жөнөп кетишет. Быйылкы жылы Бишкектен 6 рейс, Ош шаарынан 12 рейс болуп, жалпысы 18 рейсти түзмөкчү", -деп маалымдашты муфтияттан.

Учуу убактылары жана рейстер:

Пикир

Оставить комментарий