• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп куруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Андрей Широков жана Фонддун Кыргызстандагы өкүлү Кубат Мурзаев менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар Кыргызстанда орус тилдүү жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушу жана Техникалык тапшырмаларды даярдоо маселесин талкуулады.

Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүүчү 3 сааттык программалар кошо камтылган "3 \ 1" форматындагы моделдик мектептерди түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал РФ Агартуу министрлиги менен биргеликте окутуу технологиясын, санариптик класстарды ачуу жана аталган мектептердин келечектеги ишмердүүлүгү маселесин карап чыгуу зарыл экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий