• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү дээрлик 9,4 миң сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Социалдык фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, бирок 30 миң сомго чейинки пенсия алгандар үүчүн 500 сомдон кем эмес көбөйдү.

“Пенсияны көбөйтүү үчүн 3,9 млрд сом каралган. Пенсиянын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9 миң 354 сомду түзүп, мурункуга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1 миң 692 сомго көбөйдү”, - деп маалымдады ал.

Пикир

Оставить комментарий