• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Россия рублинин курсу төмөндөөдө

Экономика 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Кыргызстандын коммерциялык банктарында россиялык рублдин курсу төмөндөөдө. Тагыраак айтканда, бир рубль 0,90 сомдон сатылып алынса, 1,06-1,070 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын сайтында расмий курс 1, 0545 сомду түзөт.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, рублдин куну бейшемби күнү эртең менен Россия президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алганын жарыялагандан кийин төмөндөй баштаган: доллар 2016-жылдын январь айынан бери биринчи жолу 84 рублден ашса, евро 2014-жылдын декабрынан бери биринчи жолу 95 рублден жогорулады.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Россиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүлөрү тууралуу билдирген. Украинада аскердик абал режими киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий