• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 145 адам коронавируска кабылып, 6 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус дагы 145 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 107, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 3 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 103 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 66, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 3.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 983 бейтап, амбулатордук түрдө 868 адам дарыланууда. 619 бейтаптын абалы орто оордукта, 203 адамдын абалы оор жана 28 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 307 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 233 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 90 миң 372 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 86 миң 28 киши айыгып чыкса, 1 миң 528 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий