• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 6, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 3, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жалпы аянты 84 чарчы метр кампа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Садда айылында 12 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий