• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 47 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 47 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада Бишкек шаарында 33, Чүй облусунда бир, Ысык-Көл облусунда 4, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 7 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 11 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 830 учур катталды, алардын ичинен 442 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-июнга карата коронавирус илдетин жуктурган жаңы 279 учур катталып, жалпы илдетке чалдыккандардын саны 5296га жетти. Алардын ичинен 830у медицина кызматкери. Илдеттен 2370 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 57 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий