• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 436 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 436 адамдан табылып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 112, Ош шаарында - 32, Чүй облусунда - 18, Ош облусунда - 27, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 41, Жалал-Абад облусунда - 108, Баткен облусунда – 80 адам жуктуруп алган.

Ал эми акыркы бир күндө 332 адам сакайып чыкты. Бишкекте - 60, Ош шаарында - 27, Чүй облусунда - 41, Ош облусунда - 25, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда - 19, Жалал-Абад облусунда - 82, Баткен облусунда - 75 киши айыкты.

Аталган илдеттен жалпы 50 миң 741 адам айыкса, 59 миң 879 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 155 жаран көз жумган. Бир күндө 5 өлүм катталды. Бишкек шаарында 3, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 адам каза тапты.

Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 441 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 941 киши дарыланууда. Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 619 учур катталды, алардын ичинен 3 340 медкызматкер айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий