• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 144 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 144 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 60 адамдан, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 30, Ош облусунда - 10, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда – 11, Баткен облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 215 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 65, Ош шаарында – 6, Чүй облусунда – 60, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 34, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 361 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 912 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 288 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 7, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 128 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 966 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 656 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 170 киши айыгып чыкса, 1 миң 361 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий