• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 4 медкызматкер жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 18.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 4 медкызматкер жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтапканалардан 8 медкызматкер сакайып чыкты.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 255 учур катталды, алардын ичинен 212 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1216га жетти. Алардын ичинен 255и медицина кызматкери. Илдеттен 827 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий