• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда төрөт үйлөрү "Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк" АМС системасына кошулду

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. 2022-жылдын апрель айынан бери “Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк” автоматташтырылган маалыматтык системасы 110 миңден ашуун төрөлгөндөр тууралуу маалыматты камтыйт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бардык 74 мамлекеттик төрөт үйлөрү, ошондой эле өлкө боюнча жеке менчик төрөт үйлөрүнүнүн 90%дан ашыгы системага кошулду.

Автоматташтырылган маалыматтык системасынын максаты - бул ар кайсы уюмдарда туулган фактыларды каттоону эсепке алуу үчүн так жана ишенимдүү системаны камсыз кылуу. Бул туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү берүү процессин тездетип, жаңы төрөлгөн балдардын үй-бүлөлөрүнө өз убагында алуусун камсыздайт.

Мындан тышкары, "Туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк" АМС ишинин аркасында "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга онлайн арыз берүү боюнча жаңы кызмат ишке киргизилди.

Ар кайсы мамлекеттик органдардагы санариптик чечимдердин ишке ашырылышынын жардамы менен маалыматтарды терең талдоо жүргүзүлгөн, анда айрым балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү өз убагында албай жаткандыгы аныкталган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балдардын өздүгүн жана жаңы төрөлгөн балдардын статусун тастыктаган зарыл документтерди албаган үй-бүлөлөрдү аныктоо максатында биргелешкен иштерди жүргүзүүдө.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын комплекси төрөлгөндөрдү каттоо системасын жакшыртууга, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алуу укуктарын камсыз кылууга жана КР мыйзамдарына ылайык, алардын жарандык укуктарга жана кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүгүн кепилдөөгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий