• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эсептөө палатасы Кемин районунун жергиликтүү бюджетинде каржы бузууларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Кемин районунун жергиликтүү бюджетинде 5 109,3 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылга карата мезгил аралыгындагы Чүй облусунун Кемин районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшү жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.

Кемин районунда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында финансылык бузуулар аныкталды - 5 109,3 миң сом, анын ичинен:

- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 4 951,0 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 3 026,4 миң сом;
  • эсеп берме суммаларды кошкондо, материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын негизсиз эсептен чыгарылышы – 46,0 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 1 662,6 миң сом;
  • мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 20,0 миң сом;
  • жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 196,0 миң сом;

- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери 158,3 миң сом, анын ичинен:

  • салык жана бажы мыйзамдарын бузуу – 91,4 миң сом;
  • бюджетке которулууга тиешелүү ижара акысы – 66,9 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 11 399,9 миң сом, анын ичинен:

  • товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдалышы – 1 419,0 миң сом;
  • эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 629,6 миң сом;
  • КРнын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алынгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 3 204,3 миң сом;
  • бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 6 147,0 миң сом.

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 1 082,1 миң сом, анын ичинен:

  • ТМБ нормативден ашык запастары жана эсептеги каражаттар– 1 082,1 миң сом.

Аудиттердин материалдары 2023-жылдын 6-июнунда КРнын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу бонча аудит жүргүзүлгөн бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий