• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргыз-казак чек арасындагы бекет штаттык режимде иш алып барууда – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл бекети штаттык режимде иш алып барууда. Абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү пунктунда бажы көзөмөлүнөн өтүү үчүн 45 оор жүк ташуучу унаалар кезекте турат.

Казак тарап 5-6 машинени бир сааттан текшерип жатат.

Ведомстводон кабарлашкандай, кыргыз тараптан чек араны өткөн жүк ташуучу унааларга эч кандай тыюу салган эмес.

Кыргызстандын чек арачылары тыюу салынган заттар: баңгизатты жана анын прекурсорлорун, курал-жарак, жарылуучу заттарды гана текшеришүүдө.

Ал эми калган чек ара бекеттеринде адамдардын жана жүк ташуучу унаалардын чогулуусу катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий