• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Климаттын өзгөрүшү. Дубайда КР президентинин өкүлүнүн катышуусунда GST документи боюнча сүйлөшүүлөр өттү

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) Кыргызстандын, Непалдын жана Бутандын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катчылыгынын сүйлөшүү процессинин жетекчилери менен глобалдык жыйынтыктоочу - GST документи боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президентинин атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев КОП-28 алкагында «Тоолор жана климат» маселесине арналган жаңы глобалдык диалог боюнча өлкө президентинин демилгесин илгерилетүү зарылдыгын белгиледи.

Ал глобалдык жыйынтыктоочу документте тоолуу өлкөлөрдүн, тоо экосистемаларынын жана криосферанын муктаждыктары чагылдырылышы керек деп билдирди.

КОП-28 төрагасынын кеңсесинде кыргыз делегациясынын бул демилгеге кошкон салымы жогору бааланып, аны эске алууга даяр экендиктерин билдиришти. Консультацияларды утурлай кыргыз тараптан Непалдын жана Бутандын атынан тоо экосистемасынын маселелери боюнча тиешелүү пункттарды жыйынтыктоочу документке киргизүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө кайрылуу жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, Дубайда ошол эле жерде сүйлөшүү топторунун, анын ичинде Кыргызстандан барган топтордун ортосунда GST алкагында өтмө маселелер боюнча министрлердин консультацияларынын экинчи раунду болуп өттү.

Кыргыз тараптын демилгеси менен жыйынтыктоочу документке тоо проблемалары боюнча маселелерди таануу зарылдыгын киргизүү сунушталганы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий