• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Бишкекте эркек киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, 8-мартта Октябрь райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Бишкек ШИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматы полкунун 3-ротасынын кызматкери билдирме менен кайрылган.

Ал ошол эле күнү саат 18:17 чамасында, Гареев атындагы Ботаникалык бактын аймагында жөө күзөт учурунда даракка чыгып алган жаранды көрүшкөндүгүн, жанына жакын барган учурда алдын ала даярдалган зым илмекти байкагандыгын билдирген.

Ошол замат милиция кызматкерлери ал жаран менен сүйлөшүү жүргүзүп, аны жерге түшүрүшкөн.

Анын өздүгү такталып, ал 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу жаран экени аныкталып, жагдайдын чоо-жайын тактоо үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий