• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров 2022-жылы кимдердин айлык маянасы көбөйтүлөрүн айтты

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Каржы министрлигинин коллегиясында 2022-жылы кимдердин айлык маянасы көбөйтүлөрүн айтты.

Анын айтымында, быйыл медицина, аскер, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда.

Каржы министринин орун басары Мелс Аттокуровдун айтымында, 2021-жылы бир катар кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөн:

2021-жылдын 1-июлунан тарта маданият, искусство жана маалымат тармагындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга өстү. Бюджеттен кошумча 226,6 млн сом, анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 160,8 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 65,7 млн сом бөлүнгөн;

2021-жылдын 1-июлунан тарта медкызматкерлердин айлыгы 50 пайызга, саламаттык сактоо уюмдарынын техперсоналдарыныкы 40 пайызга жогорулатылган. Бюджеттен кошумча 1 млрд 831,1 млн сом, анын ичинен милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан 1 млрд 612,9 млн сом, Саламаттык сактоо министрлигинен 218,1 млн сом бөлүнгөн.

“Мындан сырткары, соцкамсыздоо жана жөлөк пулдарга өткөн жылы 657,3 млн сом коротулган” - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий