• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда вакцина алгандардын саны 14,8 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 407 адам вакцина алса, алардын ичинен 98ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жалпы 14 миң 861 адам эмдөөдөн өттү, алардын ичинен 276 адам 2-дозаны алган.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 1 567 адам вакцина алды;
- Ош шаарында – 1 385;
- Чүй облусунда – 1 627;
- Ош облусунда – 4 463;
- Ысык-Көл облусунда – 1 201;
- Талас облусунда – 533;
- Нарын облусунда 638;
- Жалал-Абад облусунда – 2 665;
- Баткен облусунда – 781.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий