• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ырчылар онлайн концерт бере баштады. Алгачкылардан болуп Г. Сатылганова концерт берди

Маданият 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Кыргыз эстрада жылдыздары өз үйүнөн онлайн концерт бере баштады. Концертти "Тумар" радиосу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 2-апрель күнү алгачкылардан болуп КР Эл артисти Гүлнур Сатылганованын концерти болуп өткөн. Концерт 21:00дө башталып, бир жарым саатка созулган.

Үй шартында уюштурулган концерт профессионалдык техника менен тартылып, Tumar TV'нын ютуб каналынан жана Маданият министрлигинин фейсбуктагы расмий баракчасында көрсөтүлгөн. Ал концертти түз эфирде 7 миңден ашык киши көргөн.

"Концерттин жүрүшүндө ырчы кыйын кырдаалда кызмат кылып жаткан медицина жана күч органдарынын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кыргызстандыктарды үйдө болууга, карантиндин эрежелерин сактоого чакырды", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен билдиришкендей, онлайн концертке Гулнур Сатылганованын уулу Арназ катышып, англис тилинде ыр аткарган.

"Карантин учурунда бул сыяктуу концерттер дагы уланат", - деп билдирет министрлик.

Концерттин шилтемеси

Пикир

Оставить комментарий