• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жакында стандартка жооп бербеген окуу жайлардын тизмеси жарыяланат

Коом 0

Бишкек, 23.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда жакынкы күндөрдө комиссиянын текшерүүсүнөн өтпөй калган ЖОЖдордун тизмеси жарыяланат. Бул тууралуу бирифингдин жүрүшүндө Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин башкы эксперти Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек жана Чүй облусунун аймагында лицензиясы бар 21 ЖОЖ текшерилди. Ошону менен бирге ал кээ бир окуу жайлардын абалы начар экендигин белгиледи.

“Айрым ЖОЖдордун абалдары абдан начар, жада калса студенттер үчүн микроскоптору жок окуу жайлар дагы бар. Комиссия тарабынан текшерүү аяктагандан кийин кайсы окуу жайлар стандартка жооп бербегенин айтабыз. Учурда Бишкек медицина, Royal, ABC сыяктуу окуу жайлар кагаз жүзүндө эле кармалып турат, аларда элементардык мүмкүнчүлүктөр жок. Алар пандемиянын чектөөлөрү менен актанып жатышат, бирок бул абалды жакшыртуу чараларын көрбөй коюуга себеп эмес”, - деди Мамбеткадыров.

Эксперт сөз бир гана жеке окуу жайлар тууралуу болуп жатпагандыгын белгиледи.

“Биз реалдуу кадамдарга барышыбыз зарыл, керек болсо бул медициналык факультеттерди убактылуу жабуу керек”, - деди Айдарбек Мамбеткадыров

Пикир

Оставить комментарий