• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ЖККУ өлкөлөрүнүн “Рубеж-2021” аскердик машыгуулары аяктады

Коом 0

Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-сентябрында "Эдельвейс" полигонунда Борбордук-Азия аймагындагы тез жайылтуучу жамааттык күчтөрдүн (ЖККУ) бөлүкчөлөрү менен өтүп жаткан “Рубеж-2021” машыгуусунун акыркы этабы болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуунун катышуучулары биргелешкен антитеррордук операция өткөрүштү. Анда ЖККУга мүчө мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүн жок кылуу боюнча күжүрмөн аракеттерди даярдоо жана өткөрүү боюнча маселелерди иштеп чыгышты.

КР Коргоо министри, генерал-майор Бактыбек Бекболотов машыгуунун жабылыш аземинде машыгуунун катышуучуларына кайрылып, биздин дос мамлекеттерибиз машыгууга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча абдан жогорку деңгээлде бир топ биргелешкен иштерди жасашты. “Биргелешкен аракеттерибиздин натыйжалары мамлекеттерибиздин коопсуздугуна жана туруктуулугуна салым кошуп, көп тараптуу аскердик диалог үчүн "платформаны" кеңейтүүдө дагы бир маанилүү жана конструктивдүү кадам катары кызмат кылат деп ишенем”, - деди министр.

Машыгуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Артур Темировдун жетекчилигинде жүрүп, ага Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан аскердик контингенттеринин оперативдик топтору, Бириккен штабдын жана ЖККУнун катчылыгы катышты.

“Машыгууга миңден ашык аскер кызматчылары, 150 аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде реактивдүү залп менен атуучу системалар ошондой эле авиация - Су-30СМ истребители, Су-25, Ми-8 вертолету жана “Орлан-10” учкучсуз учуучу аппараттары тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыктоочу этабында бөлүктөрдүн иш аракеттерине ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, генерал-полковник Анатолий Сидоров, РФнын Борбордук аскердик округунун аскерлеринин колбашчысы, генерал-полковник Александр Лапин жана Кыргызстанда аккредитациядан өткөн Түркия, Россия, АКШ, Казакстанстан, Индия, Великобритания, Германия, Франция жана Япониянын аскердик атташелери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү - Эл аралык Кызыл Крест комитетинин КРдагы миссия башчысы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы көз салышты.

Иш-чара машыгуунун жүрүшүндө артыкчылык көрсөткөн аскер кызматчыларын сыйлоо жана салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий