• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жыл аягында ИДПнын реалдуу өсүшү 3,4%ды түзөрү болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасынын реалдуу сектору 2023-жылы орточо көрсөткүчтөн төмөн өсүүнү көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты боюнча отчетунда айтылат.

Документке ылайык, 2023-жылдын аягына карата ИДПнын реалдуу өсүшү болжол менен 3,4%ды, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 3,6%га жакынды түзөт. Кумтөр кенин иштетүүчү ишканада өндүрүштүн өсүшү 2022-жылдагы өндүрүштөн ашпайт.

Учурдагы болжолдогон экономикалык өсүш айыл чарбасы (мал чарбасы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн эсебинен), өнөр жай (иштеп жаткан ишканаларда токтоп турууну калыбына келтирүү жана өндүрүштүн туруктуулугун сактоонун эсебинен), кызмат көрсөтүү жана курулуш тармактары тарабынан колдоого алынган.

"2024-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи болжол менен 3,8% деңгээлинде белгиленет, Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо – 4%га жакын", - деп айтылат документте.

Пикир

Оставить комментарий