• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы 2020-жылкы майрам күндөрдүн календары жарыяланды. Тизме

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2020-жылдагы майрам күндөрү тууралуу маалымат берди.

2020-жылдын майрам күндөрү:

1-январь – Жаңы жыл;

23-февраль – Мекенди коргоочулар күнү;

8-март – Айымдардын Эл аралык күнү;

21-март –Нооруз майрамы;

7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү;

1-май – Эмгек майрамы;

5-май – КР Конституциясынын күнү;

9-май ­– Жеңиш күнү;

31-август – Кыргыз Ресрубликасынын Көз карандысыздык күнү;

7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт" мусулман майрамдары жана 7-январь Исанын туулган күнү (православия рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.

Майрам күнү дем алыш күндөрүнө же жумушчу эмес күнгө туура келген учурда андан кийинки күн эс алуу күнү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий