• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандагы төрт облустук милицияга жаңы жетекчилер дайындалды

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 28-декабрда онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

“Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күн-түнү кызмат кылып, жогорку жетишкендиктерге жетүү керектигин белгилеймин", - деди министр.

Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер:

• Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;

• Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;

• Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;

• Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

Министр жакынкы арада бир катар шаардык, облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана борбордук аппараттын кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтери каралып, чечимдер кабыл алына тургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий