• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандан Японияга органикалык жана экологиялык таза продукция экспорттоо талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаевд Тамак-аш медицинасын изилдөө илимий институтунун жетекчиси Канаме Хираянаги жана «DM solutions», «Japan Style» компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстандан Японияга органикалык жана экологиялык таза продукцияны экспорттоо талкууланды.

«DM Solutions» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандан алынып келинген товарлардын жана продукциялардын аталыштарын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

«Japan Style» компаниясы 2020-жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин Японияга 10 тоннага жакын кыргыз балын импорттоп келген жана өнөктөштөрү менен биргеликте 2021-жылдын ичинде экспорттун көлөмүн 50 тоннага жеткирүүнү пландаштырууда.

Азыркы учурда кыргыз балы Япониянын бир катар супермаркеттеринде жана электрондук соода аянтчаларында сатылууда.

Элчи Мирлан Арстанбаев Япониянын компанияларына эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин өнүктүрүүгө жигердүү көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле Канаме Хираянагиге илимий макалаларды жарыялоо жана телекөрсөтүүлөр аркылуу Японияда кыргыз балын жайылтуудагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий