• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон продукциянын көлөмү өстү

Экономика 0

Ташкент, 14-июль /Толонбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу өткөн жылга салыштырмалуу 2017-жылыдын биринчи жарымында 1,5 эсеге өскөн. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик статистика комитетинин төрагасы Баходир Бегалов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Бегаловдун билдиришинче, Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон продукциянын көлөмү бир кыйла өстү. Жергиликтүү ишкерлердин айтымында, өзбек базарларында Кыргызстандан айнек, шифер жана травертин сыяктуу курулуш материалдарына суроо талап жогору. Ал эми айыл чарба продукцияларынан картошка, алма, жеңил өнөр жай тармагында булгаары жана токулган буюмдар, аялдардын жана балдардын кийимдерине суроо талап жогору.

Ошондой эле, Сыдыков менен Бегалов Кыргызстан менен Өзбекстандын статитистика комитеттеринин ортосунда кызматташуу, тагыраагы маалымат, тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий