• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Паспорт столунун кызматкери 3 миң доллар пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. УКМКнын кызматкерлери 12-июлда 3 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү пара менен Бишкек шаарындагы Свердлов райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмүнүн П.А. аттуу кызматкерин кармашты.

УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, П.А. Кыргызстандын жараны “И.Кдан.” документтерин кабыл алууга жана кийин иммигрант статусунда документтерин каттап берүү үчүн жогоруда аталган сумманы сураган.

Аталган факты боюнча “пара алуу” жана”кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринин негизинде УКМК кылмыш ишин козгоду.
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий