• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө бейбаштыкка шектелип 6 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.09.22 /Кабар/. Аламүдүндө бейбаштыкка шектелип 6 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн райондук милициясына 22 жаштагы А.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал арызында 2022-жылдын 16-сентярында Лебединовка айылында белгисиз алты адам ур-токмокко алып, окуя болгон жерден качып кетишкенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, 21 жаштагы Э.Ч., 20 жаштагы М.С., 22 жаштагы А.А., 23 жаштагы И.М., 23 жаштагы. К.А., 24 жаштагы Б.А. кармалды. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий