• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызгалдак талаасындагы окуя боюнча эч кимден арыз түшкөн жок

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Кечээ, 9-майда, Аламүдүн районундагы кызгалдак талаасында эки аялдын бири-бирине кол көтөргөнү тартылган видео соцтармакта тараган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан “Кабар” маалымат агенттигине билдиришкендей, аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя Таш-Мойнок айылында орун алып, талаанын 1976-жылкы Ж.Т., аттуу ээси аталган аялдарды тааныбай турганын билдирген. Ж.Т., окуя тууралуу кошуналарынан укканын айткан.

Мындан сырткары, окуя боюнча Аламүдүн райондук милициясына эч ким арыз менен кайрылган эмес.

Милиция кызматкерлери аталган жерлерде фермерлердин эмгегине залал келтирбөө боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий