• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык боксчулар эл аралык мелдеште төрт медаль жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Сербиядагы эл аралык мелдеште төрт медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Турнир 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында болду.

Кыргызстандык спортчу Сейитбек Мунарбек уулу 57 кг салмакта алтын, Өмүрбек Бекжигит уулу 80 кг салмакта алтын, Нуржигит Дүйшебаев 51 кг салмакта күмүш жана Санжай Сейдакматов 57 кг салмакта коло медаль утту.

Мындан сырткары, Кыргызстан жалпы командалык көрсөткүчтө 3-орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий