• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык дыйкандарга 5,6 млрд сомдук жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын 20-октябрына карата агроөнөр жайга 5,6 млрд сомго 4 миң 40 жеңилдетилген насыя берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууну каржылоонун көлөмү 17 млрд сомду түздү.

Алар:

- «Айыл Банк» ААКна - 11,1 млрд сом;
- «РСК Банк» ААКна - 5,9 млрд сом.

Белгиленгендей, банктарга бөлүнгөн бул каржаттар агроөнөр жай ишкерлерине жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн каралат.

Пикир

Оставить комментарий