• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык калыстар Азия чемпионатынын тандоо турунда кызмат көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. 2020-жылы жаштар арасында өтүүчү (U-23) Азия чемпионатынын тандоо турунда Кыргызстандык калыстар жана алардын жардамчылары кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.

Замир Чыныбеков Вьетнамда, Сергей Грищенко Сауд Аравиясында боло турган тандоо оюндарында калыстык кылышат.

Ал эми Дмитрий Машенцев менен Бахадыр Кочкоров Катарда өтө турган оюндарды тейлешет.

Азия чемпионатына тандоо турлары 19-мартта башталып 27-мартта жыйынтыкталат.

Эске салсак, 22-26-мартта Кыргызстандын курама командасы (U-23) Азия чемпионатына өтүш үчүн Сирия, Иордания жана Кувейттин командаларына каршы оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий