• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда куткаруу иштерин баштады

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда жол тыгында калгандарды куткаруу иштерин баштады. Бул тууралуу Өзгөө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун берген маалыматына караганда, кыргызстандык куткаруучулардын ыкчам куткаруу иштерин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун жетекчиси Ырысбек Жолдошбаев жетектөөдө.

Учурда алар Кордай – Отар аралыгы 80 чакырымдык унаа жолунун Кордай ашуусунда карга тыгылып калган жана жолдон чыгып кеткен 3 оор жүк ташуучу, 1 жеңил унааны чыгарышты.

Мындан сырткары, Аламүдүн районундагы Ак-Жол өткөрмө постунда жайгашкан "Бишкек – Алмата" кафесинде 150 адамга ылайык жылынуучу жай уюштурулду.

Белгилей кетсек, Казакстандын Кордай районунда аба ырайынын оор шарттарынан улам жол тыгынында калгандарды куткарууга жардам берүү үчүн Кыргызстандан 39 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий