• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Медиктер эмдөөнүн каршы көрсөтмөлөрү жана сактык чаралары боюнча семинарга катышты

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Кыргызстандык медицина кызматкерлери эмдөөнүн жана календарлык эмдөөнүн медицинага каршы көрсөтмөлөрү жана сактык чаралары боюнча улуттук семинарга катышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара "Иммунопрофилактика" Программасынын жана вакциналар жана иммундаштыруу боюнча Глобалдык Альянстын Саламаттык сактоо системасын чыңдоо долбоорунун алкагында уюштурулду. Семинардын максаты дарыгерлердин COVID-19га каршы эмдөө жаатындагы билимин жогорулатуу болгон.

Семинардын жүрүшүндө өзгөчө учурларда эмдөө темасы боюнча презентациялар жасалды (неврологиялык оорулар, уюу системасынын оорулары, аллергиялык оорулар). Ошондой эле, ДССУнун эксперти Федерико Мартинон -Торрес - профессор, Сантьяго университетинин клиникалык ооруканасынын котормочу педиатрия жана жугуштуу оорулар кызматынын башчысы, генетика, вакциналар, инфекциялар жана педиатрия боюнча изилдөө тобунун координатору , кесиптештери менен тажрыйбасы менен бөлүштү.

Катышуучулар эмдөөгө медициналык каршы көрсөтмөлөр жана сактык чаралары боюнча кеңири маалымат алышып, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү жана күн тартибиндеги актуалдуу темаларды талкуулашты.

Кошумчалай кетсек, онлайн-семинарга КРнын 100 иммунолог педиатры жана коомдук саламаттык сактоо боюнча клиникалык адистери катышты.

Жугуштуу оорулардын иммунопрофилактикасы - жугуштуу оорулардын алдын алуу, таралышын чектөө жана профилактикалык эмдөөлөр аркылуу жок кылуу максатында жүргүзүлүүчү иш-чаралардын системасы.

"Көп учурда ден соолугу начар балдарды эмдөөнүн мүмкүн эместиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Бирок, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча, алсыз болгон балдар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүшү керек, анткени алар көбүнчө ар кандай инфекцияларга кабылышат жана сакайуу кыйынга турат", - деп айтылат маалыматта.

Медицинага каршы көрсөтмөлөр жана эмдөөнүн алдын алуу чаралары боюнча медициналык кызматкерлердин билимин жогорулатуусу медициналык каршы көрсөтмөлөргө жана эмдөөнүн сактык чараларына байланышкан негизги программалык аспектилерди аныктоого жана атайын топторго эмдөө тактикасын аныктоого жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий