• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык окуучусу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль багындырды

Коом 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык окуучусу химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль багындырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарындагы №9 мектепте окуган 11 жаштагы Мирхад Чекирбаев химия боюнча 53-Эл аралык IChO олимпиадада 3-орунга илинген.

Биринчилик Париж шаарында өтүп, 84 өлкөдөн 330 мектеп окуучулары билимин сынашкан.

Кыргызстандан барган Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров жана Бакай Шейитов катышкандыгы үчүн сертификаттар менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий