• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык окуучу өспүрүмдөр арасындагы математика олимпиадасында коло багындырды

Билим 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Кыргызстандык окуучу өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медалды багындырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан 4-июлуна чейин өспүрүмдөр арасында 25-Балкан математикалык олимпиадасы (JBMO 2021) болуп өттү. Ага 22 өлкөдөн 128 окуучу катышты. Олимпиаданын жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейдин окуучусу Фёдор Корнияш коло медалдын утуп алды. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Олимпиаданын алдында команда даярдыктан өткөн. Команданын курамында төмөнкү окуучулар болгон:

1. Фёдор Корнияш, № 61 АФММЛ ОК

2. Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT

3. Максим Залепо, № 61 АФММЛ ОК

4. Станкулов Илим, «United World» эл аралык мектеби

5. Нурсултан Эшперов, Газпром-Кыргызстан мектеби

6. Актан Койчуманов, Газпром-Кыргызстан мектеби

Пикир

Оставить комментарий