• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык волейболчу Оңол Каныбек уулу баштаган "Тараз" командасы "Павлодарды" жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Казакстандын улуттук лигасынын үчүнчү турунда кыргызстандык Оңол Каныбек уулу баштаган "Тараз" командасы "Павлодарды" жеңип чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынан билдиришти.

Лиганын үчүнчү туру 19-январда Казакстандын Өскемен шаарында башталган. Ал күнү "Тараз" атаандашы болгон "Алтай" командасына 1:3 эсебинде утулуп калган.

Бүгүн, 20-январда Оңол Каныбек уулу баштаган "Тараз" командасы "Павлодарды" 3:0 эсебинде артта калтырды.

Ал эми 21-январда "Тараз" командасы "Буревестник" менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий