• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ювентус" клубу Пауло Дибаланы "Тоттенхэмге" 70 миллион еврого берүүгө даяр

Спорт 0

Бишкек, 7.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Ювентус" клубунун чабуулчусу Пауло Дибала англиялык "Тоттенхэм" клубуна өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы жазат.

Sky Sport Italia журналынын маалыматына ылайык, лондондук клуб "Ювентуска" Дибала үчүн 70 миллион евро берүүгө даяр экенин билдирген. Туриндик клуб бул акча өлчөмүнө макул экенин айтышкан.

Эми "Тоттенхэм" клубу аргентиналык оюнчу жана анын агенти менен келишим туурасында сүйлөшүүсү керек. Англиялык премьер лиганын келишим мөөнөтү 8-августта аяктайт.

Өткөн сезондо Дибала "Ювентус" клубунда 42 оюн өткөрүп, 10 гол жараткан. Анын келишими 2022-жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн.

Эскерте кетсек, франциялык "ПСЖ" клубу чабуулчу Дибала үчүн "Ювентус" командасына 60 миллион евро төлөөгө даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий