• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл кыргыз спортчулары уткан медалдардын саны 1000ден ашты

Спорт 0

Бишкек, 23.12.19./Кабар/. 2019-жылы Кыргызстандын спортчулары уткан медалдардын саны 1306ны түзгөн. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын 442си алтын, 367си күмүш жана 497си коло медаль.

Беш спортчу Токиодо өтүүчү Олимп оюндарына лицензия утуп алган. Алар: суучул Денис Петрашов, жеңил атлетчилер Дарья Маслова жана Юлия Андреева, балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азизбеков.

Кыргызстанда 1 миң 806 спорттук иш-чара өткөрүлгөн, анын 125и эл аралык.

Мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан 1 миң 480 спортчуга 36 млн 220 миң сом өлчөмүндө стипендия төлөнгөн.

Пикир

Оставить комментарий