• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык жаш дизайнерлер Өзбекстандагы Эл аралык фестивалга катышууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 22.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын жаш дизайнерлери Өзбекстандын Шахрисабзе шаарында өтүп жаткан II Эл аралык улуттук кийимдер фестивалына катышууда. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик туризм комитетинен кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Айсулуу Усупбаева, Канышай Махаммадаминова, Алина Азарова, Елена Хусаева, Ынтымак Абдулдаев, Алина Бактыбекова, Динара Султанова аттуу дизайнерлер катышууда.

Жеңүүчүлөр “Алтын ийне жана мыкты модель “Биби Awards” ” номинациялары боюнча сыйланат.

Фестивалдын алкагында Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитети жана өзбекстандагы ШКУнун элдик дипломатия борбору ортосунда Өзбекстанда жана ШКУ өлкөлөрүндө маданий иш-чараларды жүргүзүү боюнча Меморандумга кол коюу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий