• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандыктар япондордун барабанда ойноо искусствосу менен тааныша алышат

Маданият 0


Бишкек, 20.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында “Ooedodaiko” япон барабандарынын тобунун жеке концерти өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Концерт Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына арналганы белгиленет.

“Ooedodaiko” тобу япон тилинен “Улуу Эдонун барабандары” деп которулат. Ал 2004-жылы Кыргыз-Япон борборунун ыктыярчылары тарабынан түзүлгөн.

Ошондон бери топ Кыргызстан, Казакстан жана Японияда өткөрүлгөн ар кыл иш-чараларга катышып келишет. Учурда “Ooedodaiko” тобу Борбор Азиядагы бул жааттагы жалгыз жамаат.

Пикир

Оставить комментарий