• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктар пенсиянын топтолгон бөлүгүн турак жай сатып алууда колдоно алат. Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты 2 пайыз өлчөмүндө топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын колдонуу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алуу каалоосун билдирген жарандарга мүмүкүнчүлүктөрдү кеӊейтүү жана колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын камсыздандырылган жарандары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте банктык кепилдиктерди берүүчү курулуп жаткан же курулуп бүткөн объекттердин курулуш субъекттеринен (курулушчулардан) узартып төлөө менен келишимдик негизде турак жайды сатып алууда же сатып алганда, баштапкы жана кошумча төгүм катары топтолмо пенсиялык фонддон пенсиялык төлөмдөрдү көп жолу пайдаланууга укуктуу деген ченем каралган.

Пикир

Оставить комментарий