• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Ош шаарынын бюджетин көбөйтүү үчүн жаңы идеялар жана ыкмалар керек

Өкмөт 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты.

Жыйындын жүрүшүндө муниципалитеттин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана быйылкы жылга пландары талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгонун белгилеп, мэриянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди.

«Эң негизгиси калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилди. 2023-жылы жалпысынан республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарына бюджеттер аралык трансферттердин эсебинен 563,8 млн сом бөлүнгөн.

Ош шаары өсүп, өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Ош шаарында медицина кызматкерлерин даярдоо үчүн мыкты материалдык база бар, бирок медициналык мекемелерде 24 медициналык адис жетишсиз, ымыркайлардын өлүмү боюнча да терс көрсөткүчтөр бар. Ошондуктан биринчи кезекте мындай учурларды азайтуу боюнча чараларды көрүү зарыл. Ошту интеллигенциянын шаары десек болот. 11 миң чет элдик студентке билим берүү кызматын көрсөткөн ОшМУнун бюджети 4,1 миллиард сом болсо, шаардык бюджети 2,5 миллиард сом, облустук бюджети 4,7 миллиард сом. Жаңы идеяларды жана ыкмаларды киргизүү менен шаардын бюджетин көбөйтүү керек», - деди ал.

Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалдан сабак алып, Ош шаарында жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле социалдык объектилерди жылытуу системасынын альтернативдик варианттарын сунуштоо зарылдыгын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө, эгерде 2020-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1 миң 231 долларды түзсө, Экономика министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы 1 миң 962,2 долларды түзүп, 10 жыл ичинде бул көрсөткүчтүн өсүшү 311 долларды түзсө, акыркы 3 жыл ичинде 731 долларга өскөнүн белгиледи.

Анын айтымында, үч жыл ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджети 329,2 миллиард сомго көбөйгөн. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы профицит 13,5 миллиард сомду түздү.

«Мындай профицит биздин тарыхыбыздагы эң чоң чектердин бири. Келерки жылы 600 миллиард сомдон ашык бюджетке жетишүүнү пландап жатабыз. Бул үчүн мамлекет айына 58 миллиард сом, күнүнө 1,9 миллиард сом, саатына 80 миллион сом киреше алышы керек. Учурда биз тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн туу чокусунда турабыз. 2030-жылга чейин чоң суммалар төлөнөт: 2023-жылы - 344 миллион доллар, 2024-жылы - 400 миллион, 2025-жылы - 430 миллион, 2026-жылы - 390 миллион доллар. Биз баарыбыз “Кыргызстан” деген бир кайыктабыз, андыктан бизге эмгек жана ар бир адамдын салымы керек. Биз бир команда болуп иштешибиз керек», - деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий