• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаанын төрт районунун акимдери энелерди татыктуу мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашты.

Алсак, Биринчи май району боюнча 17 эне «Баатыр эне», 13 эне «Эне даңкы» наамын алышты.

Октябрь районунда 4 эне «Баатыр эне» орденин алса, 7 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.

Свердлов районунда 14 эне «Баатыр эне» ордени жана 23 эне «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган.

Ленин району боюнча 37 эне «Баатыр эне», 16 эне «Эне даңкы» наамын алышкан.

Бишкек шаарынын мэриясы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон бардык энелерге терең ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий