• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептерде телефон колдонууга тыюу салуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 29.11.18./Кабар/. Депутат Таалайбек Масабиров Жогорку Кеңештин отурумунун “Ар кыл маселелер” саатында мектептерде окуу маалында окуучуларга уюлдук телефон колдонууга тыюу салууну сунуштады.

Депутаттын айтымында, окуучулар мектепке киргенде телефондорун өткөрүп берип, окуу бүткөн соң алгандай кылып шарт түзүү зарыл. Ал смартфондор балдардын ден соолугуна зыян келтирип жатканын белгиледи.

Мындай сунуштар мурда да парламент депутаттары тарабынан көтөрүлүп келген. Анын себеби катары телефон балдардын ден-соолугуна зыян келтирери, окуудан алаксытары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий