• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлө баштады

Коом 0

Бишкек, 30.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкө аймагынын 28 борборунда акысыз укуктук жардам көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтымында, калкка акысыз укуктук кеңеш берүү декадасы 30-ноябрдан 5-декабрга чейин өткөрүлөт.

"Декада 10-декабрь - Адам укугун коргоо күнүнө арналат. Жарандар бир гана укуктук консультация албастан, адвокаттар менен да камсыздалат. Кыргызстандын аймагынын 28 борбору иш алып барат. Алар саат 09:00дөн 18:00гө чейин жарандарды кабыл алат", - дейт ал.

Калбеков белгилегендей, акысыз консультациялык-укуктук жардам борборлорунда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын кесипкөй адвокаттары кеңеш берет.

"Декаданын алкагында былтыр 30 миңден ашык адам укуктук жардам алган. Жарандар негизинен мурас, мүлк, жер, үй-бүлөлүк маселелер боюнча юридикалык кеп-кеңештерди алган", - деди Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору.

Декаданын негизги максаты - калктын аярлуу катмарынын укуктук корголуу деңгээлин жогорулатуу, элге укуктук жардам көрсөтүп, укуктук сабатын жогорулатуу, сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо, жарандардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндигин ишке ашырууга көмөктөшүү.

Пикир

Оставить комментарий